ЗЕБРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕБРА – сүт эмүүчүлөрдүн сыңар туяктуулар түркүмүнүн жылкылар (Eguus) уруусундагы уруу­ча. Дене узундугу 200–240 см (куйругу 47–57 см), жа­лына чейинки бийиктиги 120–140 см, салмагы 350 кг­га жетет. Зебралардын түсү кара ж-а ак тилкелер­ден турат. Жалы кыска, куйругунун учу узун кылдуу. Баш сөөгүнүн түзүлүшү, көлөмү ж-а де­несинин түсүнө жараша 4 түргө (тоо зебрасы, бур­челла зебрасы, Грэви зебрасы ж-а квагга) бөлүнөт.

Чы­гыш, Борбордук ж-а Түштүк Африкада үйүрү (10–30) м-н жашайт. Өтө ылдам жүгүрөт. Өсүмдүк м-н азыктанат. Жыл мезгилине жараша жем издеп, жер которуп жашайт. 1–1,5 жашында жыныс­тык жактан жетилет. Ургаачысы 346–390 күн көтөрүп, 1 же 2 кулун тууйт. Терисинин кооз­дугунан улам көп атылып, азайып кеткендик­тен, коргоого алынып, тоо зебрасы м-н Грэви зебрасы ТКЭСтин Кызыл китебине катталган, квагга жок кылынган. Аскания-Нова коругунда (Ук­раина) байырлаштырылган.