ЗАРЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРЯ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыш­так. Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу. Ра­йондун борбору Сокулук кыштагынан 32 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 33 км. Деңиз деңгээлинен 590 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1935-жылы негизделген. Калкы 1001 (2007); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, китеп­кана бар.