ЗАРНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 6 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАРНА – кызыл өңгөчтө, айрыкча анын төмөн­кү бөлүгүндө кыжылдоо сезими. Карындын ар кандай ооруларында, холециститте, боор эт чуркусунда, кош бойлуулукта, кээ бир тамак жакпаганда, карындан кычкыл суюктуктун кызыл өңгөчкө өтүп кетишинен болот. Ошондой эле кызыл өңгөчтүн сезгичтиги, карындын бузулу­шу ж. б. түрткү берет. Зарна көбүнчө карын маңы­зынын кычкылы көбөйгөндө, кээде төмөндөп же анда туз кислотасы такыр жок учурда байка­лат. Дарылоо негизги ооруга жараша жүргүзү­лөт. Зарнаны басаңдатуу максатында ар кандай ка­ражаттарды башаламан колдонуу зыян келти­риши мүмкүн. Ошондуктан аларды врачтын су­нушу м-н гана кабыл алып, өткүр, куурулган тамакты ичпөө керек.