БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 6 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ - семит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, б. з. ч. 12-3-кылымдар) жана Палестинадагы жазмалар (б. з. ч. 8-2-кылымдар) аркы­луу белгилүү. Б. з. ч. оозеки түрдө өнүккөн. Байыркы еврей тили илгери ханакей, кийин мишнаит (Тал­муддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Байыркы еврей тилинде диний, философиялык-илимий жана көркөм ада­бий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.