ЗАПАДНЫЙ
ЗА́ПАДНЫЙ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу. Деңиз деңгээлинен 615 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 82 км түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 84 км. Калкы 1170 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана, мончо, соода түйүндөрү бар.