ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:38, 5 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада түшүнүктүү жана мүнөздүү тил. Жалпы элдик тил – ошол элдин күндөлүк турмушунда колдонулуп, пайдаланылуу чөйрөсү жана стили жагынан чектелбеген, жалпыга тү­шүнүктүү тилдик факты. Анын негизин тектеш диалект, айтымдар түзөт. Өз ара жакын диа­лектилердин бирөө жалпы элдик тил абалына чейин өнүгүп, экинчиси диалект боюнча жашай берет. Ай­рым учурда тигил же бул уруу башка уруулар менен байланышпай, өз алдынча өнүгө берип, элге айланып, анын тили ошол элдин жалпы элдик тилин түзүп калат. Башында жалпы элдик тилде сүйлөгөн эл аймагы жагынан ар түрдүү мамлекеттин курамына ки­рип калып, узак убакытка өз ара байланышы үзүлүп калса, анда алардын ар биринде өз алдын­ча өзгөчөлүктөргө ээ болгон жалпы элдик тил пайда бо­лот. Буга бурят, халка-моңгол тилдери мисал. Тилдин өнүгүшүнө, байышына жана жазуусунун такталышына, жалпы элдик тилдин адабий нормалары­нын калыптанышына мамлекеттик түзүлүш өбөлгө тү­зөт. Жалпы элдик тилдин толук такталган, калыптанган, жазууга эгедер формасы – улуттук адабий тил.
С. Мусаев.