ЗАВОДСКОЙ
ЗАВОДСКО́Й – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Петровка айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Беловодский кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Кыштак 1959-жылы отурукташкан. Калкы 1769 (2006); мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.