ИНДЕЙ ТИЛДЕРИ
ИНДЕЙ ТИЛДЕРИ – Америка аборигендеринин (эскимос, алеуттардан башка) тили. Генетикалык байланыштарына карай негизги уяларга бөлүнөт: 1) на-дене, тлингит жана хайда; 2) алгонкин-ритван; 3) пенут жана айрым илимпоздордун пикири боюнча, орегон-пенут; 4) хок уясы;5) каддо-ирокез; 6) сиу уясы жана ага жакынкы ючи тилдери; 7) мускоги-натчез; 8) юта-ацтек; 9) майя-соке уясы жана ага жакын тилдер – шинка жана тотонак; 10) отоманг; 11) чибча; 12) аравак; 13) кариб; 14) кечуа-аймара; 15) же; 16) тупи-гуарани. Индей тилинин көбү жазмасыз. Байыркы иероглиф жазуусун майя, сапотек, куна жана аймара тилинде сүйлөгөндөр колдонгон. Европа колониячылары басып алгандан кийин, ацтек, кечуа сыяктуу тилдегилер латын жазмасына өткөн. Адабий тилге айлангандары – гуарани, кечуа жана бир аз аймара тилдери.