ИРЛАНД ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 1 Август (Баш оона) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРЛА́НД ТИЛИирланддардын тили. Ирлан­дия мамлекетинин расмий эки тилинин бири.


Улуу Британияда, Түндүк Ирландияга да тарал­ган. Кельт тилдеринин гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-к.). Ирланд тилинин тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыр­кы, башкача аайтканда огам мезгилине (4-кылымда башталган) огам жазуусу менен жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мез­гилинде (6-кылымдын ортосунан, 5-кылымдын аягы, 6-к­ылымдын башында түзүлгөн латын графикасынын не­гизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-кылымдандан баштап), мезгилинде байыр­кы ирланд жазуу эстеликтери менен катар көп­төгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-кылымдан башталган). Ирланд тилинин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-кылымдын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.