КАБАРДА-ЧЕРКЕС ТИЛИ
КАБАРДА-ЧЕРКЕС ТИЛИ – кабардалардын (адыгелер) жана черкестердин тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдерине (абхаз-адыге тобуна) кирет. Кабарда-черкес тили баксан, моздок, бесленей, кубань диалектилерге бөлүнөт. Адабий тили баксан диалектисинин негизинде калыптанган. 1923– 24-жылы латын алфавитиндеги жазуусу түзүлгөн. 1936-жылдан орус графикасындагы жазууга өткөн.