ЗЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 10 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕР , с э э р (фарсча зэр – алтын) – алтын, күмүш жана башка кымбат баалуу металлдардан зым тарт­кычта созулуп жасалган жипчелер; өз ара өрүл­гөн, эшилген, токулган зым талчалар. Зер жип­челери белгилүү бир үлгү боюнча сызылган нерсе­лердин бетине кештеленет. Зер кештеси саймада, тигүү өнөрүндө да көп колдонулат.