ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ– жарандардын ыңгайлуу чөйрөдө жашоосуна багытталган мамл. мыйзам укуктары. Анда чөйрөнүн абалы ж-дөгү так маалыматтар ж-а мүлккө сарпталган чыгымдарды калыбына кел­тирүү шарттары эске алынган. Ал өмүргө ж-а ден соолукка зыян келтирбеген ыңгайлуу шарт­тарда жашоо мүмкүнчүлүгүнө, айлана-чөйрөнү ыңгайлуу шартта сактоону ж-а коргоону мам­лекеттен талап этүүгө жарандардын укугу бар экендигин тастыктайт. Айлана-чөйрөнү коргоо ж-дөгү мыйзам б-ча жарандар айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлеринен ден соолукту сактоо, ден соолукту сактоочу же ага тескери таасирин тий­гизүүчү факторлор ж-дөгү маалыматтарды так ж-а учурунда үзгүлтүксүз алып туруу, о. эле алар­дын ден соолугун коргоо тармагындагы укук­тары м-н эркиндиктерин чектеген мамл. уюм­дар м-н кызмат адамдарынын айлана-чөйрөгө терс иш-аракеттери ж-дө тийиштүү уюмдарга даттануу укугуна ээ. Мындан сырткары жаран­дар өз кызыкчылыгын коргоо үчүн экол. бирик­мелерди түзүү, куралсыз беймарал чогулуу, жы­йындарды, жүрүштөрдү өткөзүү, о. эле оюн эр­кин билдирүү укугуна ээ. Жарандардын экол. укугу о. эле башка чен-өлчөм, жол-жоболор м-н да бекемделет.