ГРАВИТАЦИЯЛЫК РАДИУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 11 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Бекзат (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАВИТАЦИЯЛЫК РА́ДИУС ж а л п ы с а л ы ш т ы р м а л у у л у к т е о р и я с ы н д а – сферадагы айланбаган масса (Failed to parse (Conversion error. Server ("https://wikimedia.org/api/rest_") reported: "Cannot get mml. Server problem."): {\displaystyle m} ) пайда кылган тартылуу күчү чексизге умтулуучу сфера радиусу. Гравитациялык радиус () нерсенин массасы м-н аныкталат: , мында Failed to parse (Conversion error. Server ("https://wikimedia.org/api/rest_") reported: "Cannot get mml. Server problem."): {\displaystyle G} – гравитациялык турактуулук. Жөнөкөй астрофиз. объектилердин Гравитациялык радиусу алардын өлчөмдөрүнө караганда өтө кичине. Жердики см; Күндүкү Failed to parse (Conversion error. Server ("https://wikimedia.org/api/rest_") reported: "Cannot get mml. Server problem."): {\displaystyle r_{g}\approx 3} км. Нерсени Гравитациялык радиус өлчөмүнө чейин кысса, анда алардын тартылуу күчтөрүнүн таасириндеги кысылууну эч кандай сырткы күч токтото албайт. Бул процесс салыштырмалуу (релятивисттик) гравитациялык коллапс (жыйрылуу) деп аталат. Мындай абал массасы өтө чоӊ жарык жылдыздардын өнүгүү эволюциясынын акыркы мезгилинде болот. Гравитациялык коллапста Гравитациялык радиустуу сферадан сыртка эч бир жарык, эч бир бөлүкчө чыга албайт, көлөмүндө экинчи космос ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгына барабар болууга тийиш. Мындай асман объектилери кара көӊдөй деп аталат.