ЛАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:02, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАД - 1) түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу, туруксуз добуш баскычтары­нын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулуу­су. Л-дын добуштары мындан тышкары консо­нанстык үндөштүккө ж-а негизги добуш баскы­чында түзүлгөн үч үндүүлүккө тартылат. Л-дагы биринчи баскычта түзүлгөн үндөштүктүн негиз­ги добушу тоника, калган экөө - терция, квин­та деп аталат. Л. добуштары баскычтар деп ата­лат ж-а рим сандары менен тоникадан жогору карай белгиленет. Л. баскычтарынан түзүлгөн добуш катары гамма реп. аталат. Л. тоникасы анын тоналдуулугун аныктайт (мис., мажор Л-ында тоника до болсо, анда ал до мажор бо­лот). Л. жети негизги баскычтан ж-а алардын бийиктетилген, төмөндөтүлгөн түрлөрүнөн тү­зүлсө, ал диатоникалык Л. болот, ал эми Л-дын жети баскычынын арасындагы жарым тондор­ду кошуу м-н 12 баскычты камтып түзүлсө, ал хроматикалык Л. болуп эсептелет. Л. мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде муз. чыгармалар жа­ралат, гармониядагы добуштардын байланышы­на шарт түзөт; 2) кылдуу чертме муз. аспаптар­дын мойнунан орун алган бөлүнүүлөр - бере­нелер да Л-дар деп аталат.

Ад.: Тюлин Ю. Н. Натуральные и альтерационные лады. М., 1971.