КОРУМДУ (Түп районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРУМДУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Талды-Суу айыл округуна караштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 15 км түндүк-чы­гыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 210 км. Калкы 2232 (2022); негизинен мал м-н алекте­нет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.