КОРУМДУ (Түп районундагы кыштак)
КОРУМДУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Талды-Суу айыл округуна караштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 15 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 210 км. Калкы 1772 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.