ИСАКОВ Исмаил

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Исмаил (10. 06. 1950, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лей­тенант (2005). Ташкент шаарындагы жогорку жалпы аскер­дик командалык окуу жа­йын (1973), Марксизм-лени­низм университетин (Венгрия, 1978), М. В. Фрунзе атындагы ас­кер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицер­дик курсун (1989), Россия Федерациясы Ку­ралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академия­сын (1996), гуманитардык укуктук эл аралык институтту (Италия, 1998) бүтүргөн.

1973–1976-жылдары мотоаткычтар взводунун команди­ри, 1976–1978-жылдары аскерлердин түштүк тобунда рота командири (Венгрия), 1978–1981-жылдары рота коман­дири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальону­нун командиринин орун басары, батальон ко­мандири, 1984–1992-жылдары полк, база, дивизия штаб­дарынын жана полк командиринин башчысы, 1992–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш­кы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалы­гынын башчысы, 1994–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Кор­гоо министринин биринчи орун басары, 2005–2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, 2008-жылдын ок­тябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши­нин катчысы. 2009-жылы оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жасалма кылмыш иши козголуп, анын негизинде 2010-жылы Бишкек гарнизонунун Аскердик соту И. Исаковду «генерал-лейтенант» аскердик наамынан ажыратып, 8 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарган. 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция учурунда түрмөдөн бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү; Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин милдетин аткаруу­чу болуп дайындалган. 2010-жылы 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы аны толук актап, «генерал-лейтенант» наамын калыбына келтирген. 2010-жылы май – июль айларында Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлүнүн милдетин аткарган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–2005; 2010-2012). Аскерлерди даярдоо боюнча бир нече окуу куралдарынын жана методикалык сунуштардын автору. 2- (2011) жана 3-даражадагы (2018) Манас ордени,