КОНВЕРГЕНЦИЯ (тил илимине байланышкан термин)
КОНВЕРГЕ́НЦИЯ (лат. convergo – жакындашуу, окшошуу) т и л и л и м и н д е – тилдин тарыхый өнүгүшүндө кээ бир тыбыштардын ж-а ар башка тектеги тилдердин окшошуп калышы. Мисалы, фонетикада конвергенцияга орус тилиндеги «ять» ж-а «е»; кыргыз тилиндеги «к», «кь» ж-а «г», «гь» тыбыштарынын окшоштугу. Конвергенциянын эки аспектиси бар: 1) глоттогоникалык конвергенция; 2) структуралык-диахрониялык конвергенция. Глоттогоникалык конвергенция – бир нече тектеш же тектеш эмес тилдердин мезгилдүү, ургаалдуу байланыштарынын негизинде структуралык окшош, жалпы белгилердин пайда болушу. Ага бир эле тилдеги бир нече диалектилердин биригиши, жалпы тилди (койнэ) түзүшү да кирет. Структуралык-диахрониялык конвергенция – тилдеги варианттык же инварианттык ар түрдүүлүктү, айырманы азайтуучу тарыхый процесс. Мисалы77, индевропа тилдериндеги эки же андан көп а, о, е фонемаларынын инд-ирандык а формасына окшошуп дал келиши. Структуралык-диахрониялык конвергенциянын булагы тилдик бирдиктердин позициялык шарттуу кырдаалынын өзгөртүлүп таралышы болуп саналат. Мындай аспектидеги конвергенцияны диахрониялык фонология теориясында Е. Д. Поливанов 1928-жылы иштеп чыккан. Бул маселе Р. О. Якобсон тарабынан да 1930-жылы башкача терминдик аталышта иштелген. Фонологиялык конвергенциянын негизин айрым фонемалык айырмалардын дефонологизацияланышы түзөт, башкача айтканда фонемалык ар түрдүүлүктүн азайышынан пайда болот. Конвергенция грамматикалык системада да байкалат ж-а ошондой эле механизмге ээ. Мисалы, аналогия боюнча вариациялоо, грамматикалык формалардагы омонимияны жоюу ж. б. Мында грамматикалык жактан окшошуу же жакындашуу процесси жүрөт. Конвергенциянын антоними – дивергенция.