КОЛОТ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 19 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОТ – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 690 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 13 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1910-жылы негизделген. Калкы 1967 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Соода түйүндөрү, мончо иштейт.