КОЛВЕЗИ
КОЛВ Е́ЗИ – Конго Демократиялык Республикасынын түштүгүндөгү шаар. Катанга провинциясында. Калкы 1,0 млн (2009). Колв ези аркылуу Трансафрика темир жолу өтөт. Ал аркылуу Лобиту (Ангола) ж-а Бейра (Мозамбик) порттору м-н байланышат. Шаар Жездүү кырчоонун батыш рудниктер тобунун борборунун штаб-квартирасы катары 1937-жылы негизделген. 1978-жылы Конгону бошоткон улуттук фронт тарабынан убактылуу басылып алынган. Түстүү металлургия (кадмий, кобальт, цинк, германий), химия (лак-боёк), тамак-аш өнөр жай, Колв езиге жакын (Луилу) жез ж-а кобальт эритүүчү ишканалары иштейт. Колв езиге жакын Луалаба дарыясында плотина ж-а ГЭС курулган.