АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов
АБДИРАИМ Шама уулу (Шаматов) [1892-жыл, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Фергана облусу, Кокон уезди, Лейлек болуштугу (азыркы Баткен облусу, Лейлек району, Кара-Даван айылы) – 1953-жыл, Тажик CСРи Ленинабад (азыркы Согду) облусу, Жигдели айылы] – жазгыч жана төкмө акын. Алгачкы билимди Ак-Суудагы медреседен, 1905–1910-жылдары Хоженттин Нау кыштагындагы мусулман мектебинен алган. 1913-жылы Хоженттеги орус-тузем мектебин бүтүргөн. Совет бийлиги келгенде мугалимдик кылып, жаңы замандын орношуна жигердүү катышат. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Ал патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон. Ырларында анча-мынча ичкилик говоруна тиешелүү диалектилик сөздөр бар. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Ырларында эски салттарды сындап, курч, ишенимдүү, жогорку көркөмдүктө жазган. Турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган. Кыз-келиндерди окууга үндөгөн, теңдик заманды даңазалаган ырлары көп. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. 1924-жылдан 1933-жылга чейин элге билим берүү, мамлекеттик кызматтарда иштейт. Сталиндик заманда 1933-жылы жалган жалаа менен ак жеринен “эл душманы” деп айыпталып абакка түшүп, 12 жыл түрмөдө отуруп, 1945-жылы түрмөдөн бошонуп келет. Ак жеринен сталиндик абакка түшүп, туткундуктун азабын тарткан акын:
“Жаштыктан эл бийледим журт аралап,
Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,
Кудайдын кудурети картайганда
Жатамын карангы тамда, күндү самап”, - деп жазган.Акындык таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген Абдирайим Шама уулу:
“Тоочак менен бууданга
Толубайдай сынчы элем,
Толкуган калың элиме
Токтогулдай ырчы элем” - деп, арманын ичке катып, кыйла жылдарын колдон жулдурган. Эркиндикке чыккандан кийин да артынан түшкөн куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болуп, оболу Кыргызстанга караган, кийин коңшу Тажикстанга карап калган кыргыздын Жигдели (Жийдели) айылына көчкөн. 1953-жылы ал Тажикстандын Жигдели (Жийдели) айылында каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген. Алдыңкы мугалим Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен өмүр жолу, чыгармалары мектептерде окутулат. Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси көтөрүлүп жатат, буга чейин конкурстар өткөрүлүп келди.Лейлек районуна караштуу Кара-Давандагы орто мектепке аты коюлду.
1992-жылы бул киши расмий акталды. Лейлек районунан башка да онго жакын киши бар экен. Мен аларды билбейм деле.
Б. Сурапбаева.
Анан биздин мектептерде