АБЛАКТИРОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:20, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЛАКТИРОВКА (лат. ablacto - баланы эмчектен чыгарам) – өсүмдүктүн бутагын кеспей туруп, ийип кыйыштыруу жолу. Жанаша өскөн эки өсүмдүктүн бутагын бирдей өлчөмдө жонуп, жонгон жерди тийиштирип бекем байлайт. Кыйыштыруу үчүн жонулган үстүнкү бутакта бүчүр болуш керек. Кыйыштырылган жер толук бүтүп, бир жыл өткөндөн кийин калтырылган бүчүрдөн жаңы өркүн пайда болот. Мына ошондон кийин гана кыйыштырылган жерден өйдөрөктөн бутак кесилет. Аблактировка көбүнчө мөмө бакты, кооз даракты жана жүзүмдү, бадалдарды түргө келтирип кыйыштырууда пайдаланылат.