АБДЫКЕРИМОВА Аида Эсенгуловна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:25, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫКЕРИМОВА Аида Эсенгуловна (1973, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Покровка айылы) – филолог, филология илимдеринин доктору (2009). К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн (1996), ошол эле окуу жайда окутуучу, улук окутуучу, окумуштуу катчы, доцент, кафедра башчысы, декан, проректор, профессор болуп эмгектенген. Эмг.: Лингвистикалык поэтика. Каракол, 2008 жана башкалар.