КИЧИ ӨРҮКТҮ
КИЧИ ӨРҮКТҮ , И й р и - Ө р ү к т ү – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Кутургу айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Кичи Өрүктү суусунун боюнда, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Балыкчы –Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 30 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 161 км. Калкы 1148 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Медпункт, маданият үйү бар.