ЖООШБЕКОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Айнагүл Рысбаевна (12. 4. 1969-ж.,т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Большевик айылы) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2013). 1991-ж. Ж. Баласагын атн. КУУну, 1998-ж. анын аспирантурасын бүткөн. 2000–01-ж. Мамлекеттик тил жана маданият ин-тунда кафедра башчысы, 2006-жылы доцент. 2002–15-ж. И. Арабаев атн. КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү ин-тунда доцент, 2015-жылдан кафедра башчысы, профессордун милдетин аткаруучу. Ал 2 монографиянын, 60тан ашуун ил. макалалардын автору.
Эмгектери: Социально-культурное развитие кыргызов средних городов Кыргызстана (на материалах этносоциологических исследований); Миграционные процессы в среде кыргызов (на материалах этносоциологических исследований); Кыргызстандын тарыхы (байыркы мезгилден азыркы учурга чейин) б-ча ЖОЖдордун студенттери үчүн электрондук окуу-куралына авторлош.