ЗАХИ́Р-ШАХ Мухаммед

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(15. 10. 1914, Кабул – 23. 7. 2007, ошол эле жер) – Афганистандын королу (1933–73), Мухаммед Надир-шахтын уулу. Кабулдагы "Хабибия" жана "Истиклал" лицейлеринде окуп (1920–24), Францияда билимин уланткан (1924–30). Кабулдагы аскердик окуу жайын бүткөн (1931). З. ш-тын башкаруу жылдарында ирригациянын өнүгүшүнө, жол курулушун өнүктүрүүгө көңүл бурган. Аялдарга билим алууга мүмкүнчүлүк берилген. 1964-ж. З. ш. Афганистандын конституциясын жарыялаган. Эл аралык аренада З. ш. саясий жана аскердик топторго кошулбоо саясатын жүргүзүп, СССР жана АКШ менен мамилелерди өнүктүрүүгө умтулган. 1970-жылдардын башындагы кургакчылык жана массалык ачарчылык туруксуздаштырылган. 1973-ж. генерал М. Дауд жетектеген мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында З. ш. бийликтен кеткен. 2004-ж. ага "Улуттун атасы" наамы ыйгарылган. 728