КИЧИ КАРАКОЛ
КИЧИ КАРАКОЛ – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Үч-Дөбө айыл кеңешине караштуу. Деңиз деңгээлинен 2355 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 62 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 130 км. Калкы 1234 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, ФАП бар.