БЕЛОВОДСКОЕ КОЗГОЛОҢУ
БЕЛОВОДСКОЕ КОЗГОЛОҢУ – Совет бийлигинин алгачкы жылдарында большевиктердин экономикалык саясатына каршы уюшулган козголоң. Козголоңдун чыгышына негизинен 1918-жылдын июль айында РСФСРдин борбору Москва шаарындагы солчул социал-революционерлердин (баш тамгалалары боюнча эсерлер) совет бийлигине каршы козголоңдун күч менен басылышы таасир тийгизген. Анткени бул окуядан кийин жалпы Түркстан крайы, анын ичинде Жети-Суу аймагында эсерлер уюмуна тиешеси барлар куугунтуктоого учураган. Мисалы, 1918-жылы 19-ноябрда Пишпек округунун аткаруу комитети солчул эсерлер уюмун таратуу чечимин жарыялап, натыйжада алардын катарындагыларды кызматтан куугунтуктоо башталган. Ал эми Беловодское айлындагы козголоңдун чыгышына большевиктер тарабынан дайындалган жергиликтүү бийликтин эркин соодага тыюу салуу, азык-түлүк салыгы, күч менен дан жыйноо, Жети-Суу фронту үчүн унаа (ат, төө) чогултуу ж.б. сыяктуу чаралардын киргизилиши түз себеп болгон.