КИРКУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРКУ́К – Ирактагы шаар. Таамим мухафаза­сынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 835,9 миң (2008). Чоңдугу ж-а калкынын саны боюнча Ирактагы эң ири шаарлардын бири. Авто­мобиль жол тоому. Темир жол бекети. Аэро­порту бар. Нефть ажыратуу, химия өнөр жай ишканалары иш­тейт. Шаарга жа­кын жерден нефть казылып алынат.