АЭРОЗОЛЬ ТЕРАПИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЗОЛЬ ТЕРАПИЯСЫ ‒ оорулууну дары дисперсиялары менен аэрозолдоп дарылоо жана ооруну алдын алуу ыкмасы. Мында дарылар аэрозоль түрүндө жаранын бетине, былжыр катмарларга себилет жана ингаляция түрүндө дем алуу жолдору аркылуу организмге жиберилет. Аэрозолдун дисперсиялык бөлүкчөлөрү өтө майда болгондуктан, алар бронхторго, альвеолаларга чейин кирип, андан канга тез өтөт. Аэрозолдор табигый жана жасалма болуп бөлүнөт. Табигый Аэрозоль терапиясына табигый шартта деӊиз, көл сууларынын микроэлементтери, кээ бир өсүмдүктөр (ийне жалбырактуулар, камфора дарагы, ак кайыӊ ж. б.) бөлүп чыгарган заттар жана фитонциддер аралашкан таза аба менен дем алуу кирет. Жасалма аэрозолдор ар түрдүү дары касиети бар заттардан, өсүмдүктөрдөн ж. б. жасалат.