КИНОСТУДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:15, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОСТУ́ДИЯ – кино тасма чыгаруучу меке­ме. Киностудияда сценарий даярдоодон тартылган тасманы бир нече нускага көбөйткөнгө чейинки иш процесси аткарылат. Көркөм, даректүү, илимий-популярдуу, окуу тасмаларын жанаа мультипли­кациялык кино картиналарды чыгаруучу киностудиялар бар. Киностудиядагы кино тартуучу топ негизги өндү­рүштүк бирдик болуп саналат. Сценарий бөлүмү авторлорго сценарий заказ берип, жазылган сценарийди редакциялайт, андан соң адистер актёрлорду тандоо, павильондун жасалгаларын даярдоо өңдүү иштерди бүтүрөт. Даректүү тасмалрдын киностудиясы тасманын өзгөчөлүгүнө жа­раша тартуу иштерин жүзөгө ашырат. Мульт­фильмдер мультипликациялык станоктордо атайын аппараттар менен бир жана көп пландуу болуп тартылат. Белгилүү киностудиялар: «Юнайтед ар­тистс», «Жыйырманчы кылым – Фокс», «Ко­ламбиа пикчерс», «Парамаунт» (бардыгы Америка Кошмо Штаттарында), «Чинечитта» (Италия), «Мосфильм», «Лен­фильм» (экөө тең Россияда), ошондой эле к. «Кыргыз­фильм».