КИММЕРИЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИММЕРИ́Й БҮКТӨЛҮҮСҮ – жер кыртышынын мезозой заманындагы бүктөлүү, тоо пайда бо­луу м-н жүргөн тектон. кыймылы. Магматизм процессинен гранитоид интрузиясы жаралып, чөкмө тектердин калың катмарлары бүктөлүү­гө учураган. Бүктөлүү 2 фазада жүргөн, 1-фаза триас мезгилинин акырында башталып, юра мез­гилинин башталышына чейин созулган (Крым, Таймыр, Түн. Афганстан, Азиянын түш.-чыгы­шы, Африканын түш. тарабы). Бул кыймыл ба­йыркы К. б. деп аталган. 2-фаза жаңы киммерий деп аталып, юра мезгилинин акырынан бор мез­гилинин башталышына чейин аракетке келген. Мында Верхоян-Чукот аймагы, Батыш Корди­льер, Анд, Памир, Кара-Корум, Борб. Иран, Кавказ ж. б. тоолор бийик көтөрүлгөн.