БАЖЫ ТАРИФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЖЫ ТАРИФИ ‒ чет өлкөдөн кирүүчү жана сыртка чыгарылуучу улуттук товарлардан алынуучу алымдардын тизмесине кирген товарлардын топтор б-ча системага салынышы. Б. т-нде адатта товардын аталышы, алым алынуучу то-

варлар, алым алынбаган товарлар жана алым чени жазылат. Б. т-нин түрлөрү: автономдук ‒ мамлекеттер тарабынан бир тараптуу белгиленет, конвенциялык ‒ мамлекеттер тарабынан эл аралык макулдашууларга ылайык белгиленет жана эреже катары, ставкалары төмөнүрөөк болот. Айрым өлкөлөр (Канада, Индия) айрым өлкөлөргө автономдуу, кээ бирине конвенциялык тарифти колдонуу менен Б. т-нин эки түрүн теӊ пайдаланышат. Б. т. алымдарына чен көбүнчө товарлардын наркынан процент түрүндө белгиленет.