БАЖЫ АЛЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЖЫ АЛЫМЫ-өлкөнүн чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан, мүлктөн, баалуулуктардан алынуучу мамл. акча жыйымы. Б. а-н бажы мекемелери жыйнайт. 1947-ж. Тарифтер жана соода тууралуу генералдык макулдашуу түзүлгөн. Анда бажы тарифин төмөндөтүү максаты коюлган. Европа экономикалык союзунун (ЕЭС) катышуучулары өз ара соодадагы Б. а-н алып салышкан ж. б. өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы тарифин белгилешкен. Б. а. импорттолуучу товарлардын баасын жогорулатуу менен мамлекетке ички рынокту коргоого, товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн чектөөгө, импорттун көлөмүн жана структурасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет.