БАЕТОВ Батыркул Исаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 27 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЕТОВ Батыркул Исаевич (1954-жылы туулган, Талас облусу, Кара-Буура району, Ак-Жар кыштагы) – экономика илимдеринин доктору (2012). 1978-жылы ФПИни бүтүргөн. Эмгек жолун ФПИде окутуучу болуп баштаган. КРдин туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитеттин төрагасынын биринчи орун басары. КРдин президентинин электрэнергетика коопсуздугу боюнча секретариаттын атайын өкүлүнүн орун басры, КРдин энегетика жана өнөр жай министрлигинде статс-секретар. Баетов 72 илимий эмгек, 3 монография, 1 окуу китебинин автору.