БАДЫРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:16, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 ‒ буудай, буурчак, жүгөрү, арпа, нокоттун барсайтып, жарылта куурулган даны. Аталган дандардан Б. даярдоодо ар бирине өзүнчө ыкма колдонулуп, казанга атайын куургуч м-н кууруйт. Жүгөрү Б-ты таза, ирирээк кумга аралаштырып кууруса, күйбөй, көлөмү чоӊоюп, ак баржак болуп жарылат. Буудай м-н арпа Б-ты өзүн эле кууруйт (арпаны сокуга күйшөп, кабыгынан ажыратып, түктөп алат). Буурчак м-н нокотту адегенде сууга көптүрөт. Кууруган учурда куургуч гана баткандай казандын оозун калкалап, куурубаса дан тарсылдап сыртка ыргыйт. Б-ты көбүнчө балдарга кууруп беришкен. Азыр жүгөрүнү атайы аппаратта куурулуп, поп-корн деп аталат. Б. жасашат.

И. Молдобаев.