БАДЕН МЕКТЕБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДЕН МЕКТЕБИ ‒ 20-к-дын башындагы неокантчылыктын субъективдүү-идеалисттик багыттарынын бири. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү ‒ Германиянын Баден жериндеги ун-ттеринин профессорлору В. Виндельбанд жана Г. Риккерт. Булар И. Кантты «оӊ» жагынан сынга алып, анын илиминен матер. элементтерин чыгарып таштап, априоризмди өрчүтүшкөн. Б. м. илимдерди предметтер б-ча эмес, сынга алуу методуна карап классификациялайт. Ал тарыхый методду табият таануу методуна карама-каршы коюп, коом таануу өнүгүүнүн индивидуалдык фактылары, ал эми табият таануу болсо жаратылыштын көрүнүштөрүнүн кайталанып турушу жана жалпы мыйзам ж-дөгү илим деп карайт.
Ж. К. Асанов.