БАДАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:13, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДАН (Вergenia) ‒ өсүмдүктөрдүн таш жаргычтар тукумунун уруусу. Сабагы кыска, тамыры жоон, көп жылдык өсүмдүк. Түбүнөн жалбырактайт, жалбырагы чоӊ, кабыктуу, гүлү кызыл же ак. 10 түрү бар, көбүнчө Борбо. ж-а Чыгыш Азияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү өсөт. Чыгыш Сибирь, Түн. Монголияда калыӊ жалбырактуу Б. коюу чыгат. Эзелтен бери кооздук үчүн өстүрүлөт. Дары-дармек ж-а тех. (боёк) өсүмдүк катары да мааниси чоӊ. Андан танин, арбутин ж. б. алынат.