БАДАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:16, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (frutex) ‒ түбүнөн бутактап өскөн көп жылдык жыгач өсүмдүктөр. Бийикт. 0,8 мден 2‒3 мге жетип, сабагынын диаметри бири биринен анча айырмаланбайт. Каптал бутакта рынын (жерден өнүп чыккан) көптүгү м-н айырмаланып, негизги сөӊгөгү жаӊы чыккан бадалда гана жакшы байкалат. Сөӊгөгү 10‒20 (кээси 50) жыл, ал эми бир түп бадал жүздөгөн жылдар бою өсөт. Негизинен бардык алкактарда, субтропикте, тоолуу субальп алкактарда, Кырг-нда да өсөт. Ал эволюциянын жүрүшүндө кургакчылыкка, төмөнкү темп-рага байыралуунун негизинде дарактан келип чыккан. Б-га табылгы, ыргай, аса-муса, чие, бөрү карагат ж. б. кирет. Айрымдары чарбачылыкта, медицинада ж-а техникада колдонулса, кээ бири көчө бойлорун жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт. Жаш сабагы, жалбырагы малга тоют, кээде курулушта пайдаланылат К. Т. Шалпыков .