БАДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАДА ‒ уйлардын жайытка багылуучу тобу. Жайытка айдаардын алдында зоотех.-вет. кароодон өткөрүлүп, жашына, эркек-ургаачысына жараша инек ж-а туут кунажын, торпок, этке төгүлчү уй, 6‒12 айлык музоо-торпок (эркек-ургаачысы өзүнчө), 2‒6 айлык музоолор өзүнчө Б-ларга бөлүнүшү керек. Б-дагы уйдун саны зоотех. эрежелерге, жер шартына жараша болот.