БАБЕНКО Потап Васильевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:08, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБЕНКО Потап Васильевич (1888‒1951) ‒ айыл чарба өндүрүшүнүн уюштуруучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1938-жылдан Панфилов районундагы «За линию ЦК ВКП(б)» колхозунун башкармасы . Анын жетекчилиги менен колхоз райондо алдыӊкы чарбага айланып, малдын саны 2 эсе көбөйгөн. 1947-жылы колхоз буудайдын ар гектарынан 30,4 ц, кант кызылчасынын ар гектарынан 443 ц түшүм алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл

Файл:БАБЕНКО96.png

Жылдыз ордендери менен сыйланган.