БАБАШ-АТА ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБАШ-АТА ЧОКУСУ ‒ Бабаш-Ата кырка тоосунун эӊ бийик жери. Бийиктиги 4427 м. Чоку жайгашкан тоонун түндүк капталында бир аз мөӊгү бар, ал эми калган бөлүгү жылаӊач. Чоку Майлы-Суунун төрүндөгү Кутман-Көлдөн түштүк-чыгышта (5‒6 км); андан төмөн Кара-Үӊкүр суусунун оӊ куймасы башталат. Палеозойдун сланец жана акиташ тектери кездешет.