БАБАКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБАКУЛОВ Манасбек (1950-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган облусу, Кызыл-Рават айылы) ‒ ветеринария илимд. доктору (2005). КАЧИни (1976), Москвадагы К. И. Скрябин атындагы ветеринария академиясынын аспирантурасын (1977‒82) бүтүргөн. Малды асылдандыруу станциясынын (1980‒85), Жалал-Абад зооветеринария техникумунун директору (1985‒93) болуп иштеген. 1993-жылдан ЖАМУнун окуу инспекциялык башкармалыгын жетектейт. Паразитология боюнча адис. 40тан ашык илимий эмгектин жана окуу китептердин автору. Эмгектери кой чарбасындагы мите курт ылаӊдарына арналган.