БАБА ТИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:51, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАБА ТИЛ, н е г и з т и л ‒ тектеш тилдердин жалпы негизи деп эсептелген жана анын эзелтен жашап өткөндүгү болжолдонгон эӊ байыркы тил (мисалы, жалпы орус баба тили; жалпы славян баба тили; жалпы урал-алтай баба тили; жалпы алтай баба тили ж. б.). Тескерисинче, тил илиминде тилдердин бир тектен таралыш теориясын колдобой, бара-бара чачыраган тилдик көрүнүштөрдүн топтолушунан пайда болгон деген болжолдуу көз караш да бар.

Б. Орузбаева.