Авар хандыгы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 26 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Турганбаев Элебай (Created page with " '''АВАР ХАНДЫГЫ''' (нуцалдыгы) – Дагестандык борбордук бөлүгүндө жайгашкан феодалдык ээлик (XII–X...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү


АВАР ХАНДЫГЫ (нуцалдыгы) – Дагестандык борбордук бөлүгүндө жайгашкан феодалдык ээлик (XII–XIX к.). Борбору Хунзах шаары болгон. Мурунку (VI–XII) Сарир хандыгынын ордун ээлеп, түндүк жана түндүк-батышынан алан жана хазар уруулары, түштүгүндө Койсуу суусу менен чектелген. XVIII к. күч-кубаттуу хандыкка айланып, Кубан, Дербент хандыктары жана грузин падышасы салык төлөп турган. Умма хандын (1774–1802) тушунда ээликтери дагы кеңейип, 1803-ж. Россия империясынын карамагына өткөн. 1864-ж. Авар хандыгы биротоло жоюлуп, Дагестан облусуна караштуу Авар округу түзүлгөн.