АЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(ар. аят ‒ керемет, укмуш) ‒ Курандын касиеттүү саптары; Курандын эӊ кичине, өз алдынча бөлүктөрү. Бир нече А. биригип, сүрөөнү (бапты) түзөт. А-ты мусулмандар кереметтүү ырлар деп аташат. А. Куран 114 сүрөөдөн турат. Ал сүрөөлөр узундугу, көлөмү б-ча белгилүү бир тартип менен жайгашкан жана ар бир сүрөө А-ка бөлүнөт. Эӊ узун сүрөөдө 286 А. бар. А-тарда бир сөздөн 68 сөзгө чейин болушу мүмкүн. Куранда бардыгы 6204‒6236 (ар кыл эсептөөлөр б-ча) А., анда 77934 сөз бар. Араб ири дин уламаларынын ою б-ча, Курандын аят-сүрөөлөрү кереметтүү күчкө, укмуштай купуя сырга ээ болгондуктан, аны башка тилге которуу болбойт деген табу кылымдар бою сакталып келген. Бирок, мусулман калкынын билим-мад-т деӊгээлинин жогорулашы, Куранга болгон кызыгуулардын натыйжасында жогоруда гы табу өз күчүн жоготконсуду. Азыр Куран кыйла элдердин тилине которулуп, жарык көрүүдө. Кыргызчасы Эрнис Турсунов дун которуусунда жарык көргөн.

                                                                                                                                  Б. Солтонбеков.