АЯК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
к е с е ‒ атайын кырма аспап м-н оюлуп жасалган жыгач идиш. Арча, жаӊгак, тал, терек, катыраӊ, кайыӊ, кара жыгач ж. б. жасалат. Анын оймо-чиймеленип, сырдалып кооздолгонун ‒ сыр А., жөн жасалганын ‒ кара А.,

саптуу жасалганын ‒ жан А. деп аташат. А-ты жөнөкөй түзүлүштөгү чот, ийди, кырма деген аспаптар м-н кырмачылар жасашат. Ал чоӊ, кичине, жайпак болот. Чоӊ А-тын диаметри 20 смге чейин жеткен. Өтө кичинекейин ч ө й ч ө к дешкен. Азыркы учурда мындай

Файл:АЯК87.png

идиштер сейрек кездешет.