АЯЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЯЗ ‒ кыш мезгилиндеги атмосферанын төмөнкү температурадагы абалы. Кар түшкөндөн кийин болот. Аяз убагында чыкыроондоп, абанын температурасы төмөндөп, карандай суук өкүм сүрөт. Аяз айрыкча Жер шарынын уюлдарга жакын жерлерине жана бийик тоолуу аймактарына мүнөздүү. Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында (Ак-Сай, Арпа, Суусамыр, Чаткал, Алай ж. б.) Аяз катуу болот. Кыргыздар мурда Аязды абанын температурасына жараша темир Аяз, мүйүз Аяз, кийиз Аяз деп бөлгөн.