АЭРОЧАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЧАНА‒ кыймылдаткыч айландырган аба буралгысынын (винтинин) тартуу күчү менен карда же музда сыйгаланып жыла турган мех. чана. А-нын лыжаларга орнотулган чанагы (кузову) жеӊил материалдан жасалып, аны кыймылга келтирүү үчүн кубаттуулугу 25 а.кнөн кем эмес авиац. кыймылдаткыч колдонулат. Чананын артында 2 лыжа, алды жагында руль механизми менен башкарыла турган 1 же 2 лыжа орнотулат. Лыжалар жыгачтан жасалып, таманына металл капталат же бүтүндөй калдыркан дюралюминийден жасалат . А-нын ылдамдыгы 25‒140 км/с. Түндүктө байланыш түзүүдө, арктика экспедицияларында, аэродромдо пайдаланылат.