АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:14, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ атм-нын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, темп-расын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атм-нын турбуленттүү лүгүн, озон м-н аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атм-нын потенциялын ж. б. өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги А. п. ‒ метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорол. лабороториялардын жардамы м-н ченелет. Атм-нын 100 км ж-а андан бийик катмарларындагы абанын темп-расын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорол. ракеталар, өтө кеӊ мейкиндиктеги атм-ны изилдөө үчүн метеорол. спутниктер пайдаланылат.